SUPER.KG порталынын Кинозал бөлүмүнө "Торгой баатыр" даректүү тасмасы жүктөлдү.
Ээрге коргошундай куюлуп, үзөңгүнү үзө тээп, төрөлгөндөн тартып ат тизгинин мыкчып, мыктылардын арасынан топ жарып чыгып, баатыр атанып, кас менен кармашып, жоо менен жоолашкандардын улуу эрдиги муундан муунга өтүп келсе, аталарынан уккандарын көкүрөгүнө көрөңгөлөтүп жүргөндөр, өз заманынын баатырларын санжырага салып, ооздон оозго өткөрүп, ушул күнгө жеткирген экен. Торгой баатыр тууралуу тасма эл арасында сакталып калган маалыматтарга жана жогорудагы санжырага негизделип тартылган.
Тасманын продюссер-сценаристи Чыңгыз Турдалиев, режиссёр-оператору Элдияр Бектемиров.
Тасманы көрүү үчүн бул жерди басыңыз.