"Бул чыгарма менен 10 жылдан ашуун убакыт бою "ооруп" жүрдүм" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Ильяз Андаш

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Ильяз Андаштын "Жөнөкөй жигит" аталышындагы клиби кошулду. Султан Садыралиевдин аткаруусундагы чыгарманы Ильяз Андаш ремейк аткарган.

"Мен чыгармачылыкка жаңыдан аралашып, "Кыргыз жери" деген ырымды ырдап жүргөндө Султан Садыралиев "Жөнөкөй жигитти" аткарып чыкты. Ошондо эле бул ыр менен "ооруп" калгам. Султан Садыралиевдин бардык чыгармалары мазмундуу, уккулуктуу. Анын ырларын уккандан кийин эмнеге мен мындай ырларды жарата албайм дечүмүн. Ошентип жүрүп унутулуп кетти. Быйыл жай мезгилинде үйдүн ичин оңдоп-түзөө иштерин жасап жатканда, кыргызча ырлар топтомунан "Жөнөкөй жигитти" угуп калдым. Чыгарма мындан 12-13 жыл мурда чыккан экен. Дароо эле Султан Садыралиевге байланышып, оюмду айттым. Ал дагы жакшы ырлар ырдалыш керек деп уруксатын берди. Уруксат алгандан кийин 2-3 ай ушул чыгарманын үстүндө иштедим. Клипти досум Эркин Эгенбердиев тартты", - дейт ал.

23-ОКТЯБРДАН 30-ОКТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Адилет Азимовдун "Тоолор" видеоклиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунга - Динара Акулованын "Балама" видеоклиби жайгашты.

8-орун - "Музаман" тобунун "Жубайыма" аталышындагы видеокомпозициясына буюрду.

7-орунду - Азизанын "Чакырба сүйүү мезгилин" клиби камсыздады.

6-орунду - Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" видеокомпозициясы багындырды.

5-орун - Данияр Эрматовдун "Кыргызмын мен" чыгармасына буюрду.

4-орунга - Мурадил Данияровдун "Алтын апам" аталышындагы клиби жайгашты.

3-орунду - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" чыгармасы ээледи.

2-орун - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - 60`К тобу менен Айя Садырованын "Сүйүү балы" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Wibee
2019-10-30 14:57:47
Маладес Иляз Андаш жонокой адам жакшы ырчы жонокой жигиттин Султанга караганда заманбап кылып соонун ырдаган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан