“Кичинемден апамды жек көрүп, ага окшобосом экен деп тилечүмүн. Мен орто мектепти аяктап калганда деле көңүлдөштөрү үйгө чейин келип жүрдү. Ар бири менен апамды элестеткенде көңүлүм айнып кетчү. Кызык, бирок чоңойгон сайын болгон турпатым менен анын көчүрмөсү болуп бара жаттым”