Лейлекте 25 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип жаткан жаран маркумдун кайнатасы болгон

Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылында 25 жаштагы жигиттин жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну кармалганы маалымдалган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кылмышка шектелип жаткан жаран маркумдун мурдагы кайнатасы болорун билдирди.

"Шектүү жаран өзүнүн көрсөтмөсүндө, окуя үй-бүлөлүк маселелерден улам келип чыкканын билдирген. Анын айтымында, кызы менен күйөө баласы ажырашып кеткен. Күйөө баласы 3 ай мурда башкага үйлөнгөн. Ошого карабай маркум биринчи аялына күн көрсөтпөй жүргөн. Маркум биринчи аялына жуучу түшүп келген адамдарды дагы сабаган. Мындан тышкары, куда, кудагыйлардын мамилеси башынан эле жакшы болбой келген. Шектүү күйөө баласын коркутуп коймокчу болгон", - деди маалымат кызматынан.

Милициядан кошумчалагандай маркумдун кошуналары, тааныштары ал тууралуу жакшы пикирлерин айтышкан эмес.

25 жаштагы адамды атып өлтүргөнгө шектүү: “Кызым менен ажырашса да тынчтык бербей жүрдү“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
News
2019-10-30 15:45:43
25 жашта экен, күчүнө ишенип экс кайнатасына жеткирген экенда, болбосо мынчалыкка жеткирмек эмеско аксакалда.
+24
kechirmeni
2019-10-30 16:01:37
кайнатаны ошого жеткирген экен эми кичине болсо да женилдик бериш керек
+25
Janym_ata_enem
2019-10-30 16:12:04
Ким кайндай ойлойт билбейм. Мен бул атаны туура түшүндүм
+31
Muratmipa
2019-10-31 11:32:38
Janym_ata_enem,мен дагы ар ким ошол атанын кызын оюлогула илибой ата кызы учун бут нерсени кылат
+7
nazgul20
2019-10-30 16:17:23
Менинда башымдан откон, ошентип атып салаар атам болгон эмес коргоп алаар агам болгон эмес убагында. Чын эле жеткирди деп ойлойм, мындай акмак куйо балдар бар.
+35
zzz---zzz
2019-10-30 20:08:16
nazgul20,сени коргой турган биз бар, бир нерсе болсо бизге айт.
+11
kechirmeni
2019-10-30 16:18:41
калк айтса калп айтпайт.
+20
u02u02
2019-10-30 16:31:13
Жазасын алыптыр акмак. Озун уйлонупсун башкага жон койда эми алда ыссык жан куйоого тийсин
+21
arena2014
2019-10-30 18:25:28
Атаны койо бергиле эгер куйо баласы жонундо жакшы пикир жок болсо.
+13
karona12
2019-10-30 19:22:43
Атасын койо бергиле куйо бала жеткирген ошого,маркум жакшы адам болсо ажырашып башка аял алып,анан кацнатасынын уйуно барып чыр салмак эмес.
+10
Arlenchik
2019-10-30 19:23:56
Демек мурунку куйо баласы ото шумшук болуп алардын уй булосуно тынчтык коргозгон эмес,озу ошого жеткириптирда,жаны ачыганда айласыздан ошого бардыда,Эми байкуш кишини актагыла,куйо баласынтып тааныштары деле ал жонундо жакшы пикир айтпаптырда,демек озу кунолу экен.
+11
momun74
2019-10-30 21:01:22
Азыр куйо балдар коп эле ашынып кайната кайненени козго илип сыйлашпай калды баары дебейм чыныгы жигитмин деген эр азаматтар бар бирок момундай акмак куйо балдар кобойуп кетти
+8
kechirmeni
2019-10-31 09:18:21
коркутуп коеюн эле деген экен кокустук болуп кетиптир, айколдук кылгыла урматтуу айыптоочулар!
+8
katerina.li
2019-10-31 10:56:18
Кечее сакалын орттонгур деп аткандар эми эмне дейсинер??
+7
TIMON_BERKOWITZ
2019-10-31 13:56:02
katerina.li,бүгүн сакалына сыйынышат да)
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан