Тамада, алып баруучу Кубат Кубанычбеков кырк жылкылуу болду. Бүгүн, 30-октябрда Кубат мырзанын жубайы экинчи кызын жарык дүйнөгө алып келди.
"Жубайым борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Кудайга шүгүр, абалдары жакшы. Кечинде апам, атам болуп кызыбызга ысым тандайбыз", - дейт ал.
Кубанычы койнуна батпай турган шоумен ишинин көптүгүнө байланыштуу кызынын боюн, салмагын деле сурабаганын билдирди.
Кубат Кубанычбеков сүйүктүүсү Айжан айым менен 2014-жылы 10-августта баш кошушкан. Жубайлар 2015-жылдын 22-июнунда ата-эне бакытын сезип, Аиша аттуу кыздуу болушкан.