УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектелип жаткан жаранга карата кыйноолор болгон деп кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучунун апасы Жыпаркүл Иманкалиева айтып берди.
Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кыйноо" беренеси менен катталган.
Ал эми шектүүнүн жактоочусу Назира Абдумуминованын айтымында УКМК иш козгогону менен тийиштүү иштерди аткарбай жатканын айтат.
"УКМКга арыз түшкөн соң биринчи шектүүнү суракка алышы керек. Кандай кыйноолор болду, качан болду деген суроолор боюнча. Андан кийин тийиштүү кызматкерлерди сурап, анан эки тарапты беттештириши керек. Бирок бул иштин баары аткарылбай жатат", - деди ал.
Буга чейин, Октябрь РИИБине Мирбек Атабековдун апасы кайрылып, 2019-жылдын 6-майга караган түнү саат 01:45 чамасында үйүнө бет капчан уруу кирип, 60 миң доллар жана алтын жасалгаларды уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми 29-августта шектүүлөрдүн бирөөсү 1995-жылы туулган Б.М. кармалган.