Кыргызстандык теннисчи Түркияда өтүп жаткан эл аралык мелдешти ийгиликтүү баштады

Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Түркиянын Измир шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште эки жеңишке ээ болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. Биринчи беттеште швейцариялык Киллиан Даванзону 6:3, 6:4 эсебинде утуп алды. Ошондой эле румыниялык Жульян Бузоиануну 7:5, 6:0 эсебинде жеңди. Эми кыргызстандык теннисчи индиялык Рамкумар Раманатхан менен беттешет. Ал эми жуптук мелдеште Дулдаев зимбабвелик Марк Финн менен биргеликте ойноп, казакстандык спортчулар Куатбек Абиев жана Сагадат Аяпудан 6:7, 1:6 эсебинде утулуп калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zarlyk2211
2013-08-14 05:08:48
азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан