Ырчы Ильяз Андаш уулдуу болду. "Бул жолу төрөткө катыштым" дейт ал

Ырчы Ильяз Андаштын жубайы көз жарды. Экинчи ирет ата макамын алган ырчы бул ирет уулдуу болду. Төрөткө катыштым деген Ильяз мырза буларга токтолду.

"Жубайым Сүйүү борбордогу төрөтканалардын биринде бүгүн, 31-октябрда көз жарды. Эртең мененки саат 8:10дор чамасында уулубуз жарык дүйнөгө келди. Негизи төрөткө бир тууган эжем катышмак. Ага чалсам жооп бербей койду. Акушерлер төрөт башталарын айтканда баарын таштап коюп төрөт бөлмөсүнө кирдим. Биринчи жолу катыштым, башкача сезимдер болот экен. Уулубуздун салмагы 3 килограмм 900 грамм болду.

Атам менен апам Караколдон келе жатышат. Буюрса, уулубузга ысымды чоң атасы, чоң апасы менен кеңешип анан коёбуз", - дейт ал.

Ильяз Андаш 2013-жылдын август айында Сүйүү менен баш кошуп, Каракол шаарында чоң той өткөрүп, элден бата алган. Жубайлар 2015-жылдын январь айында кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jasi.jasi
2019-10-31 14:33:25
Омуру,ден соолугу,акыл эси менен берген болсун.ата энесине куйумдуу эр азамат болсун.
Бизге да жуксун уулдуу болгум келет...
+3
Nevestkaa
2019-10-31 18:38:33
Өмүрү узун келечеги кең жигит болуп чоңойсун.Бирок төрөткө катышпай эле койбопсун ал жерде жалаң аялдар болгону эле жакшы.
+1
akmanai
2019-11-01 02:44:13
Куттуктайм. Кудай куноонузду кечирип тилегинизди кабыл кылыптыр да) Ымыркайга, апасына бекем ден соолук каалайм!
+1
katerina.li
2019-11-01 10:27:36
Куттуктайм. Аман эсен ,бактылуу уй булолордон болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан