Кызсайкал Кабылова: "Туулган күнүмдү биринчи жолу тостум"

Ырчы Кызсайкал Кабылова 30-октябрь күнү кесиптеш, досторунун курчоосунда туулган күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Кызсайкал SUPER.KG порталына билдирди.

"Негизи туулган күнүм 31-октябрда, бирок ал күнү жумуштарым болгонуна байланыштуу бир күн мурун белгилөөгө туура келди. Буга чейин туулган күнгө маани берчү эмесмин. Мен үчүн кайгылуу майрамдай сезилчү. Бой жеткенден бери курбу-досторумдун арасында биринчи жолу 20 жашымда туулган күнүмдү тостум. Мага аябай жакты. Күндө эле туулган күн өткөргүм келип калды (күлүп). Өздүк майрамымда конокторум сумка, кооз бижутерияларды, көйнөктөрдү, таттууларды белек кылышты. Туулган күнүмө Анжелика, Калыс Жакыпов, Бегимай Карабаева, Айпери Сыдыкова, Мурадил Данияров, Тима Мукашев, айтор, көп коноктор куттуктап келишти", - дейт Кызсайкал.

Кызсайкал Кабылова 20 жашка чыкты. Туулган күнүн кандай белгиледи?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2019-10-31 15:03:37
Анжелика жыт чыккан жерден калбайт экенда
+4
elb_2121
2019-10-31 15:10:33
Аллахым ыйман берсин кучтуурок
+1
Losw1
2019-10-31 18:56:17
elb_2121, озун улам улам рекламалай берсе, оронгону бир тыйын!!!
-1
Alixan-Nookat.2015
2019-10-31 19:42:05
Туулган күнүң менен куттуктайм!
+2
katerina.li
2019-11-01 10:25:39
Ушу келиндин пиары бутподу. Мурда куйоосун жаман корчу элем,эми кумон санай баштадым. Катуу чимкирсе деле жаза берет экен интернет ке.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан