Кыргыз бийчилери Алматыда өткөн эл аралык бий сынагынан байгелүү кайтты

"Баластан KG" билим берүү жана чыгармачыл борбору 27-28-октябрь күндөрү Алматы шаарында орун алган "Танцуй всей душой" эл аралык бий сынагына катышып, байгелүү кайтты. Бул тууралуу топтун башкы хореографы Асел Жакшылыкова SUPER.KG порталына билдирди.

"Алматыда өткөн эл аралык бий сынагына Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан таланттуу жаштар келди. Сынакта жалпысынан ар кандай багыттагы 120 номер көрсөтүлүп, Кыргыз өлкөсүнөн барган "Баластан KG" борборунун бийчилери баш байге жана акчалай сыйлыкка татыды. Андан сырткары ар кандай жаш курактагы бийчилер арасында эстрада, элдик бий номинациясы боюнча биринчи баскычтагы лауреат аталышты. Ошондой эле келерки жылы Анталья шаарында өтчү эл аралык бий сынагына катышууга 50 пайыздык арзандатууга ээ болдук", - дейт кубанычы менен бөлүшкөн Асел айым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sinej
2019-10-31 19:56:43
Кыргыздын татынакай кыздары. Ушундай сулуу болуп журо бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан