Айдана Деканын таякеси рак оорусу менен күрөшүүдө. Айдана Дека: "Кайрымдуулук концерт уюштуруп жатабыз"

Октябрь айынын башында ырчы Айдана Деканын таякеси Айбек Деркембаев залалдуу шишик оорусуна чалдыгып, коомчулуктан жардам сурашкан. Ырчы айым таякесине жардам катары жакында кайрымдуулук концертин уюштуруп жаткандыгы тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен шоу чөйрөсүндө жүргөндөн кийин концерт уюштуруу жоопкерчилигин алгам. Башында Спорт Ордосунда өткөрөлү десем, ал жактын ижара акысын көбөйтүп коюшуптур. Кайрымдуулук иштерине арзандатуу кылышканы менен ал деле биз үчүн чоң сумма болуп жатат. Ошондуктан "Асанбай" борборунда уюштуруп жатабыз. Концертке катышкан жылдыздар өздөрү бизге чалып, "кайрымдуулук концерт уюштурсаң колдойбуз" дешкен. Концертке Урмат Усенов, Мирбек Атабеков, Омар, Бек Исраилов, Максат Садырбеков, Анжелика, Аваз Акимов жана башкалар катышат.
Таякемди дарылоо алдында жакшы клиникаларды издештирип, Москвадагы клиникага токтолдук. Москва бизге жакыныраак, сүйлөшүү жагынан да жеңил болот деп жатабыз. Таякем жакында Москвадан биринчи химиялык терапиясын алып келди. 6 курс химиялык терапияны алган соң операция жасашмакчы", - дейт Айдана.

Белгилей кетсек, Айбек Деркембаев 26 жашта, Айдана Деканын "Кыздын сыры" деген клибине тартылган. Октябрь айында жүрөгү менен өпкөсүнүн ортосуна шишик пайда болгону аныкталган. Дарыгерлер Айбекке Т-клеткалык лимфома деген анализ коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhaku2017
2019-11-01 10:35:16
Айдана красавица.
+2
Gsuita
2019-11-01 10:38:18
Кудай шыпаасын берип, айыгып кетсин ылайым. Жаркылдаган жакшынакай жаштарыбыз оорудан алыс болуп, кыргыз элине кызмат кылышсын
+10
Aimani
2019-11-01 11:45:21
Кудай шыпаасын берип айыгып кетсин. Бир бирин колдоп турган жаштарга рахмат. Бирок эмнеге таякеси менен фамилиясы бир, ошого тушунбойм.
+2
katerina.li
2019-11-01 16:46:59
Aiman эми ишинер канча силердин,фамилиясы бирби же он башкабы,тобоо!
0
filis
2019-11-01 12:18:06
Кудайга ишенгенден курсак тойбойт же оору айыкпайт. Оорунун жакшысы жок. Азыр баары акча. Корунгон жерге мечиттерди сала бербей, ооруканалардын санын кобойтсок жакшы болмок. Ошондо бүгүнкүдөй оор шартта жашабайт элек.
+2
katerina.li
2019-11-01 13:28:50
Тайкениз айыгып кетсин. Акчанар табылып калсын. Жаш эле балакен,сакайып кетишин тилейм.
+1
-adam
2019-11-06 15:09:47
АЛЛАХ шыпаа берсин
Айыгып,ооруну корбогондой болуп кетсин!
Баарыныздарга ден-соолук .эки дуйно бактылуулук каалаймын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан