Актёр Эркин Усенбаев бойдокчулук менен коштошту

31-октябрь күнү Бишкектеги тойканалардын биринде актёр, телеалпаруучу Эркин Усенбаевдин сүйүктүүсү Ажара Шайыкованын кыз узатуу тою болуп өттү. Ажаранын кыз узатуусуна эки жаштын достору, кесиптештери жана шоу-бизнес өкүлдөрү келишти. Жаңы гана үй-бүлөлүү статусуна ээ болгон Эркин сезимдери тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Сүйүктүүм Ажарды үйгө алып келип алып, аябай бактылуу болуп жатам. Ата-энемдин кубанычында чек жок, улуу жеңем андан өтүп сүйүнүп, келиндик кызматты Ажарга өткөрүп берем деп жүрөт (күлүп). Үйлөнүү тойду 6-ноябрга белгиледик. Буюрса, ошондо элге той берип, бата алабыз".

Эске салсак, Эркин "Участковый", "Эл эмне дейт" долбоору аркылуу калың журтка таанымал. Ушул жылдын июнь айында сүйүктүүсүнүн колун сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aikaaaa
2019-11-01 14:38:17
Куш бооңор бек болсун! Бактылуу болгула!
Ушу ''Эл эмне дейттин'' балдары жакшы да. Кыз да жакшынакай экен
+1
Nevestkaa
2019-11-01 15:05:56
Бою башы узун красавчик бала үйлөнгөн турбайбы бактылуу таалайлуу болгула түбөлүгүңөр түз болсун .Келинка да сулуу экен.
+1
Aimani
2019-11-01 18:54:46
Азыркы кыздар баары эле сулуу окшойт. Бактылуу болушсун
+1
elmira.
2019-11-02 00:51:19
Бактылуу болгулаа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан