Актёр, тамада Мурат Жалиев акыркы айларда коомчулуктан алыстап кеткен. 31-октябрь күнү ал Инстаграм баракчасына "Ассалому алейкум, туугандар. Ден соолукка байланыштуу бир нече убакыт кызматыңыздарда боло албадым. Эми Кудайым буюрса, жакшылыгыңыздарда кызматтамын", - деген билдирүү калтырган. Мурат Жалиев элден алыстап кеткенде аны "үй-бүлөсү менен ажырашып жүрөт" деген кеп чыккан. Чынында кандай болду? Мурат бул тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
- Мурат, салам! "Ден соолугума байланыштуу байланышта болбой жаттым" дедиң. Азыр жакшы элесиңби?
- Рахмат! Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы. 3 айдай ооруп, Ош, Бишкекте дарыланып жүрдүм. Эми акырындап калыбыма келип жатам. Ден соолугум жайына келип, элдин жакшылыгын алып барып берүүгө камынып жатам.
- Сен тууралуу "үй-бүлөсү менен ажырашып кетти" деген кеп айтылып жүрөт. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Чынында үй-бүлөмө тийиштүү маалыматты элден жашырып жүргөм. Жубайым менен таарынышып жүргөнүм чын. Жакында бир жактуу чечилип, сиздерге жакшы же жаман кабар айтып, бул темага чекит коём.
- Рахмат! Ден соолугуң бекем болсун!