Ырчы Гүлбү Ороскул кызына күйөө баласы эстелик тургузду

Ырчы, телеалпаруучу Гүлбү Ороскул кызы арабызда болсо 43 жашка чыкмак. Ырчы айымга балдары куран окутуп, эстелик тургузушту. Бул тууралуу кызы Айзуура Иманалиевага кайрылганыбызда ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Буга чейин эле апама туугандары эстелик тургузабыз деп жүрүшкөн. Бирок туулган күнүнө карата кыздары, күйөө баласынын атынан деп өзүбүз тургуздук. Атам (ред. кайнатасы) темир уста. Ошол нерсе күйөөмө да өткөн окшойт. Хобби катары темир-тезек кармап, бир нерсе жасап жибергенге шыктуу. Мирзат өз колум менен жасап, апама эстелик тургузалы деп сунуштап, ишке ашырып отурат. Бүгүн апамды эскерип, "Достор" тобун, таякелерибизди чакырып, чакан чөйрөдө түлөө өткөрдүк", - дейт Айзуура.

Белгилей кетсек, Гүлбү Ороскул кызы 1976-жылы 1-ноябрда төрөлгөн. Төкмө акын Элмирбек Иманалиев экөөнүн ортосунда эки кызы бар. Ырчы айым 2017-жылы оорудан каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
mamatkerim1968
2019-11-01 15:09:13
2 жыл болуп калдыбы, жаткан жерин бейиштин нуру жарык кылып турсун.
+4
Losw
2019-11-01 15:28:30
mamatkerim1968, кучтуу математиксин го?!!

2 + 2 = 6 дегендерден окшойсун...)))
-9
Nevestkaa
2019-11-01 18:33:14
Losw,2жыл да
0
filis
2019-11-01 15:20:36
Кыргыздын эң сулуу татынакай айымдарынан эле. Кыргыз айымдары ар дайым ушундай сулуу, жакшынакай болуп жүрө бергиле. Ар кайсы арабдардын хиджаб, паранджага оронуп чүмкөнүп жүрө бербей.
-5
mbk
2019-11-01 15:50:15
mamatkerim1968
2015 деп турду эле го башында
ошондой болчу, ондошту
+3
yrmat88
2019-11-01 15:52:50
Убагында сулуулугуна абдан суктанчуу элем. Ото эле жакшынакай болчу.
+5
Kairat1996
2019-11-01 21:36:09
Кызы да татынакай экен.
+1
muras111211
2019-11-01 22:48:46
Жайы Жаннатта болсун
0
Skarlett-Skarlett
2019-11-02 11:06:06
Ото татынакай эже эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан