"Туулган күнүмдү үйдөн белгилейм" дейт 51 жашка толгон ырчы Гүлнур Сатылганова

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова бүгүн, 1-ноябрда туулган күнүн белгилеп жатат. 51 жашка толгон ырчы бул ирет туулган күнүн жакындарынын курчоосунда белгилейт. Гүлнур Сатылганованы куттуктап байланышканыбызда ал буларга токтолду.

"Былтыр 50 жылдык юбилейимди өткөргөм. Быйыл туулган күнүмдү чоң салтанатка айлантпай эле үйдөн белгилейин деп чечтим. Буюрса кечинде курбуларым, досторум үйгө келишет. Эң биринчилерден болуп Эркин Рыскулбеков менен Аида Дөөлөтбакова келип куттукташты. Андан кийин уулум кучак толо гүл берип, жумушум бүткөндө конокторду тосконго жардам берем деп кубантты. Азырынча бир туугандарымдын белектерин алып отурам.

Инимдин балдары видеокуттуктоо жасап жибериптир. Скрипкачы Эркин Мээрканов досум атайын музыкалык куттуктоо жасаптыр. Кубанып жатам", - дейт ал.

Гүлнур Сатылганова 1968-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулдан аяктап, 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген.

Ырчы "Каалайм сага", "Сагыныч", "Сүйөмүн моокум канбастан", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу" "Булуттар", "Ыр десте" аттуу ырлар менен атактуулукка жетишкен. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, "Ариет" уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.

1-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tiken
2019-11-01 17:26:24
Кыргыз эстрадасынын Ханышасы, туулган кут болсун!!! Элге 100 жаштан ашуун кызмат кылыныз!!! Бар болунуз элибиздин чыгаан кызы!!!
+4
katerina.li
2019-11-01 17:41:15
Ушул эже жагат. Натуральная. Айчуроктой жасалма эмес.
+5
Ernisbii
2019-11-01 21:21:18
Гулнура айым туулган күн кут болсун! Аялга бериле турган болгон бактылуулукту каалайм. Эң жакшы көргөн ырчы айымым.
+2
Mintip-menu-suybo
2019-11-02 01:06:00
Ырларын кызганганы жакпайт, анан прическасы дпгы
0
Mintip-menu-suybo
2019-11-02 01:06:23
дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан