Аскер кызматкерлери катышкан жол кырсыгынан улам оор абалда ооруканага жеткирилген лейтенанттын абалы турукташты

30-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда аскер кызматкерлери катышкан жол кырсыгы катталган.

Анда капитан Н.И. каза таап, лейтенант Э.Ж. оор абалда ооруканага жеткирилгени айтылган.

Башкы Штабдын маалымат кызматынан бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына ооруканада жаткан аскер кызматкеринин абалы тууралуу билдирди.

"Жол кырсыгынын кесепетинен ооруканада жаткан лейтенанттын абалы турукташты. Бирок ал ооруканадан чыгарыла элек" , - деди басма сөз кызматынан.

Ал эми укук коргоо органдарындагы өздүк булактар бул кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан