Казак ырчысы Ерке Есмахан менен Кайрат Нуртастын апасы чырдаштыбы?

"Алматыда жок, жок, Астанада жок,жок, сени издедим, үмүттү үзбөдүм..." деп ырдаган казак ырчысы Ерке Есмахан менен Казакстандын мега ырчысы Кайрат Нуртастын апасы жана продюсери Гүлзира Айдарбекованын ортосун кара мышык аралады. Казакстанды кыдырып, күйөө издеген Ерке Есмахандын "Кайда?" аттуу ыры YouTube каналында 100 миллиондон ашуун каралган. Бирок Еркенин мындай ийгилигине кесиптештер арасында күмөн санагандар көп экен. Казакстандык журналист күмөн жараткан миллион кароо боюнча Кайраттын апасы Гүлзира Айдарбековага кайрылган.

"Менимче, Кайраттын Ерке Есмахандан катталуучулары да, көрүүчүлөрү да көп. Казакстанда Кайрат биринчи орунда деп ойлойм. Али Кайраттан эч ким ашкан жок. Мага кароону көбөйтүп беребиз деп кайрылгандар болгон. Аларга акча берсең, кароону кошуп беришет экен. Бирок мен мындай иштерден алысмын", - деген Гүлзира айым.

Ал эми Ерке Есмахан Инстаграм баракчасына "Заман" тобунун "Кайда?" аттуу ырын кавер аткарган видеосун тиркеп, "Эмне деймин, ар ким өзүнө чечим кылган чыгар. Мен эч кимге жаккым келбейт, бирөөнү иренжитким да келбейт, баары "чики-чики" болушун каалайм. Менин угармандарым, окурмандарым өтө көп. 100 миллион кароого кыргыз элинин да салымы чоң болгонуна күмөн жок, жок" деген билдирүү калтырган.

Эске салсак, Ерке Есмахандын "Кайда?" ыры Кыргыз өлкөсүндө да хит болуп, ырчы Гүлназ Чыныбек кызы аталган ырды кыргызчалап ырдап чыккан. Еркенин YouTube`да өздүк каналы болбогону менен, клип жүктөлгөн каналдан 100 миллиондон ашуун адам көргөн. Ал эми Кайрат Нуртастын клиптерин көрүүчүлөр ага салыштырмалуу 50 пайызга аз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
katerina.li
2019-11-01 18:13:13
Апасынын ичи куйуп орттонуп атканго
+7
Nevestkaa
2019-11-01 18:29:46
Апасы өзүнө 100% эмес 200% ишенет го Кайраттан эч ким ашпайт деп.Карга баласын аппагым дейт кирпи баласын жумшагым дейт болуптур да бул жагы.
+12
bond02
2019-11-01 18:38:21
Коро албастык да.
+8
rahatov
2019-11-01 19:05:38
Димаш ашмак турсун боп кетиго дейм
+9
Dembele84
2019-11-03 07:49:31
rahatov,Димаш боп кетти,бирок 100млн го Эсмехандан башка эч ким жакындай элек
0
katerina.li
2019-11-01 19:24:28
Казак менен кыргыз ырчыдарында опко жок
+2
futboler
2019-11-01 21:19:06
Пендечилик да, 100млнго жеткирсе азамат экен деп коюу ушунчалык кыйынбы, өзүнүн аброюн түшүрбөй.
+7
Snejana
2019-11-02 01:51:08
Катуу айтыптыр, Кайраттан эч ким ашкан эмес деп. Димаш анда ким? Же Димаш дунуёлук болуп, бул ырчыларга кошулбайбы? Ал Казак да.
+7
Milashka_12345
2019-11-02 10:19:05
Кайрат Нуртаска Караганда Торегали Тореали популярный го Казахстада.
+5
Aliza_96
2019-11-02 14:06:41
Кайраттын апасы мн аялы окшош экен го))
+2
Jasi.jasi
2019-11-02 14:07:20
Виртуалдык жашоодон качан чыгабыз деги,паландын просмотры милиондон ашыптыр,тукундун подписчиги 2 милион болуп кетиптир,пастандын подписчиги 10мин эле экен анын абройу деле жок туулган кунумо же тойго чакырбай эле коеюн деген заман болду го тообо.Реалдуу жашоодо жагайлычы туугандар.Же ошо милиондор менен муйуз чыгып жатабы?
+2
katerina.li
2019-11-02 15:32:40
Jasi.jasi,Туура
0
Dembele84
2019-11-03 07:54:54
Ичи куйгону билинип калыптыр,бул жерде эч просмотр чогултпай эле 100млн ду эл корду дейт элем.Казак,кыргыздан башка да улуттар коргон ал клипти и мисалы мен эле бала чакам менен 1000ден ашык коруп койдум окшойт.Ыр чынында хит,уккулуктуу болгон учун элдер дагы деле угуп коруп журушот
0
Dembele84
2019-11-03 07:57:11
Кыздарым кечке кайталап коруп жатып созун жатка билет,ушуга окшогондор коп да бизден башка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан