SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө ырчы Динара Тилекееванын жеке концерти жүктөлдү. "Жакшы көрөм кыргыз деген элимди" аталышындагы концерт ушул жылдын 7-июнунда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек атындагы стадиондо өттү.
Концертти колдоп келгендер - Кыргыз Эл артисти Шахра Талипова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, куудул Тынар Курбаналиев жана Жалал-Абад облусундагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын кызматкерлери келишкен. Алып баруучулук кызматты Манас Алыкулов аркалаган.
"2010-жылы биринчи жолу тушоо кесүү концертимди устатым Алтынай Нарбаеванын кеңеши, сунушу менен Жалал-Абад жана Ош шаарларында койгонбуз. Андан кийин ар эки жылда бир жолу жеке концертимди өткөрүп турууну чечкем. Бул жолу коркуп Ош шаарына концерт коюп барган жокмун. Концертти Жалал-Абаддагы стадиондо өткөрдүм. Стадион менен залдын айырмасы өтө чоң экен. Көп жабдыктарды өзүм даярдаганга туура келди. Караңгы кирип бара жатканда жарык бергиле десем, "жарык жок, концертиңди кыскарт" дешти. Ошондо аябай жаман болуп кеттим да, эми концерт койбойм дедим. Буюрса концерт өткөрөм, бирок стадиондо эмес. Бешинчи жолку концертим жарык жок дегени менен эсимде калды", - дейт ал.
Ырчы алып баруучулук кызматты Манас Алыкуловго ишенип тапшырганын, анын алып барганы, жоопкерчилиги жагарын кошумчалады.
Динара Тилекееванын "Жакшы көрөм кыргыз деген элимди" аталышындагы концертин көрүү үчүн шилтеме.