Польшада өтүп жаткан көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан аялдар курама командасы Англия командасын 13:2 эсебинде утуп алышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Кыргызстандык команда "В" тобунда 3 оюн өткөрүп, 2 оюнда жеңишке жете алышты. Мелдеш эртең улантылмакчы.