Чүй облусунун Орловка айылында айдоочу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жаракат алды. Маалыматты Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Окуя бүгүн, 1-ноябрда болжол менен саат 18:00 чамасында орун алган. Анда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жаракат алган", - деди маалымат кызматынан.