Ушул жылдын 23-октябрында "Манас" эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси табылган.
Маалым болгондой, маркум Чүй облусунун жараны жана таксист экени аныкталган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, анын өлүмүнө шектүүлөр кармалган.
Алар 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну, мурда уурулук жана зордуктоо боюнча соттолгон Б.Ч. жана 32 жаштагы Ош облусунун тургуну, мурда баңгизатын сактоо жана аткезчилик менен соттолгон И.А. аттуу жарандар болгон.
Кечээ, 1-ноябрда ИИМ “Манас” аэропортунда таксист болуп иштеген кишинин өлүмүнө шектелип кармалгандар жатак абакта жазасын өтөп жаткандар экенин, абак жетекчилиги жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн, оор кылмыштарга жол берилип жатканын айтып, аларга доомат койгон.
Буга карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ИИМдин айткандарына жооп берип, билдирүү таратты. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ЖАМК колго түшүрүлгөн эки шектүү кылмыш жасаган маалда жатак колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жатканын тастыкташты.
Ошол эле маалда ИИМдин айткандары чындыкка дал келбешин белгилеп, төмөндөгүдөй маалымат беришти: "Кылмышка шектүү деп кармалган Ч.А. аттуу жаран 2014-жылы Кемин райондук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми дагы бир шектүү И.А. 2012-жылы Чүй облустук соту тарабынан 12 жыл 6 айга кесилген. 2018-жылы эки шектүү тең Москва райондук сотунун токтому менен катуу тартиптеги абактан жатак колониясына которулган.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жатак абакта мөөнөтүн өтөп жаткандар кайтарууга жана коомдон тыш кармалууга муктаж эмес. Бирок алар жума сайын келип, катталуудан өтүп турууга милдеттүү. Эгер жатак абактан тышкары аймакта турса, жашаган жери боюнча аймактык тескөөчүнүн учётуна турат. Бирок аларга абактан тышкары аймакта турууга, алар иш менен камсыз болгондо гана уруксат берилет. Мындай шартта айыпкерлерге мекеменин кызматкерлери менен аймактык тескөөчүлөр көзөмөл жүргүзүүсү керек”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө башталып, анын негизинде шектүүлөргө тийиштүү чаралар колдонулары айтылды.