Куудул, ырчы Борончу Кудайбергенов 31-октябрь күнү Ташкенттеги Эл достугу ордосунда өткөн өзбекстандык куудул Обид Асомовду эскерүү кечесине катышты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Обид Асомовду эскерүү кечеге өзбекстандык Шерали Жураев баш болгон ырчылар, куудулдар катышты. Мен да кечеге Асомовдун үй-бүлөсүнүн чакыруусу менен бардым. Досумдун үй-бүлөсүнө белек катары сүрөтү түшүрүлгөн картинаны тарттырып алган элем. Аны сахнадан тапшырсам, кыздары көрүп ыйлап жиберишти", - дейт Борончу мырза.
Эске салсак, Өзбек Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, куудул, актёр, орусиялык "Кривое зеркало" телеберүүсүнүн юмористи Обид Асомов былтыр жүрөк оорусунан каза тапкан.