Кеминде зордуктоого каршылык көрсөткөн окуучу кыз сабалып өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча даярдалган экспертиза чыкты

Кеминде 14 жаштагы кыздын жансыз денеси ээн калган имаратта табылган. Көп өтпөй кызды 20 жаштагы жаран зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барып, каршылык көрсөткөндө сабап өлтүрүп салганы аныкталган. Бул окуя боюнча учурда тергөө иштери жүрүп, даярдалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу маркум кыздын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча тергөө иши аяктоо алдында турат.

"Экспертиза чыкты. Анда шектелип кармалган жаранга тийиштүү кан жана башка далил нерселер алыныптыр. Өткөн жумада кыздын кыркылыгын бергенбиз. Азыр баарыбызда шектүү тийиштүү жазасын алсын деген эле ой. Кыздын таенеси милицияда чуркап эле жүрөт", - деди кыздын таежеси.

Бул кылмышка шектүү катары милиция 20 жаштагы эркек адамды кармаган. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон Кашкелең айылынын тургуну К.А. болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
katerina.li
2019-11-03 12:21:45
Кудай сатасын ииий,барыбызда эле уул кыз бар.
+10
katerina.li
2019-11-03 14:41:34
katerina.li,сактасын
+2
Kuba-savai87
2019-11-03 12:34:59
20 жаштагы бала мурун бир канча ирээт соттолсо
+7
zhaku2017
2019-11-03 12:57:32
Кыздарды аялдарды кемсинтип, мазактагандар шал болуп калышсын.
+15
urmat94
2019-11-03 15:52:32
Бычып салыш керек мындайларды
+10
Arseana
2019-11-03 16:37:57
"Сабалып" олтурулгон туура жазсанар
+7
O.dembele
2019-11-03 19:25:48
Өлүм жазасын киргизмейинче булар жөн жүрбөйт окшойт!
+5
Begimay.emir1
2019-11-03 22:10:25
Кудай сактасын!!! Ээ эркектер аялдарды сыйлагылачы
+5
ulua
2019-11-04 00:00:03
Олум жазасы выход, канкорго!Кыз кандай гана кыйналып олду, бул арам даагы бироого азап берет, лучший вариант олум жазасын киргизилсин!
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-11-04 00:17:58
Мыкаачы айбан! Аллах жазанды берсин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан