Бүгүн, 3-ноябрь күнү ырчы айым Бактыгүл Бадыева кичүү кызы Дариянын тушоо кесүү тоюн берип жатат. Тойго шоу-бизнес өкүлдөрү, Алмаз Закиров менен Бактыгүл Бадыеванын жакындары, туугандары катышты. Бактыгүл кыздарына арнап "Кыздарым - менин бактым" аттуу жаңы ыр жаздырганын жана тойдо ырдын бет ачарын кыларын айтат.
Бактыгүл Бадыева 2013-жылы турмушка чыккан. Жолдошу Алмаз экөөнүн ортосунда 3 кызы бар.