Ырчы, өзүн "кыргыздын деми" атаган Гүлзат Мамытбектин кызы менен баласы чыгармачылыкка аралаша баштады. Тагыраагы, Гүлзат Мамытбектин 7 жаштагы баласы Алымбек жана 4 жаштагы кызы Альнура "Биз дүйнөнүн балдарыбыз" деген ырды аткарып, клип тарттырат. Чыгарманы ырчынын балдары менен кошо каалоочулар дагы аткарса болот.
"Бул тарбиялык мааниси чоң "Биз дүйнөнүн балдарыбыз" деген чыгарма кыргыз, орус, казак жана англис тилдеринде ырдалат. Чыгарманы бир гана менин балдарым эмес, кастингден өткөн жаш таланттар дагы аткарат. Клипти белгилүү клипмейкерлер Кыргыз жергесинде жана Алматы шаарында тартышат. Клипке 4 жаштан 11 жашка чейинки кыздар, балдар тартылат. Азыр даярдык иштери кызуу жүрүп жатат", - дейт ал.