Ырчы Салтанат Аширова учурда Казакстандын "Хабар" телеканалында көрсөтүлүп жаткан "Топ жарган" вокалдык шоу-программасына катышууда. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Мени тандоо бүткөндө гана программанын уюштуруучулары өздөрү чакырышты. Азыр 4 финалист барбыз. Бул израилдик "The four" музыкалык телешоунун франшизасы. Орусияда "Ийгилик", Казакстанда "Топ жарган" деген аталышта аналогдору өткөрүлөт. Ар жолку берүүгө катышуучулар келип, калыстардын сынынан өткөн соң 4 финалисттин бирөөсүн тандап, вокал жактан баттл кылышат. Баттлдан кийин залда отурган көрүүчүлөр добуштарын беришет. Мага музыкалык шоу аябай жакты. Ал жактан көп чыгармачыл адамдар менен тааныштым. Финал декабрда өткөрүлөт деп пландалууда", - дейт Салтанат айым.
Белгилей кетсек, Салтанат Аширова "Элес" тобунун ырчысы катары таанымал. Ал буга чейин орусиялык "Голос" телеберүүсүнүн 7-сезонуна катышып, 2-баскычынан четтетилген.