Чүйдө эки милиция кызматкери жаранды сабаган деп шектелүүдө

Эки милиция кызматкери жаранды сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү милицияга арыз менен 28 жаштагы Кемин районунун тургуну кайрылган. Анда ал Токмок шаарындагы кафелердин биринин унаа токтотуучу жайынан эки белгисиз жаран аны ур-токмокко алганын айтып, аларга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Токмок ИИБинин убактылуу кармоочу жайынын 45 жаштагы У.А. жана 29 жаштагы С.Э. аттуу кызматкерлери кармалган. Учурда тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды. Мындан сырткары, аталган факт боюнча Ички иликтөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан