Баткен облусунда 690 миң сомдук товарды мыйзамсыз ташып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ю.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “РЕНО” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп, текшерилген.
"Транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 690 миң 50 сомдук, 6 миң 247 киллограмм эл керектөөчү товарлар табылган. Айдоочунун ташып келе жаткан товары мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документи болгон эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.