Ырчы Минюра Рахимжанова Ташкенттеги эл аралык сынактан биринчиликти алды

31-октябрь күнү ырчы Минюра Рахимжанова Ташкентте өткөн "Fresh drive" эл аралык сынагына аттанганын жазганбыз. Ырчы айым ал жактан байгелүү кайтканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Сынак бизге аябай жакты. Вокал боюнча баш байгени Өзбекстан, 1-орунду биздин трио алды. Сынакта үчөөбүз биригип номер аткардык. Мындан сырткары, командабыздагы Мингариева Азиза жеке ырчы катары өзүнчө номер аткарып, 3-орунга татыды. Бул кыздарыбыздын биринчи эл аралык сынагы болгондуктан, алар бир аз толкунданышты. Ырдап жатканыбызда микрофон өчүп, жакшы иштебей, техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатты, ошентсе да кыздар сахнадан өздөрүн жоготпой, абалдан жакшы чыгып кетишти", - дейт Минюра.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alia82
2019-11-04 19:24:29
Азаматтар!
+3
mira28
2019-11-05 11:37:16
Мына сага келечектин ырчылары .Азаматсынар.Видеосун кошсонор болмок.Той ырчыларынан чарчап буттук.Чыныгы таланттуу деп айтса болот.
+1
Sajakat14
2019-11-06 14:12:45
Ал Ташкентте болгон сынакты каяктан көрөт экенбиз?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан