Легендарлуу ырчы Таалай Бектургановдун чыгармаларына экинчи өмүр берген, хит ырларды жараткан ырчы Чыңгыз Турдубеков күйөрмандарын кубантып, жеке концертин тартуулап жатат.
Концерттин өткөн жери - Спорт ордосу.
Концерттин өткөн убактысы - 4-ноябрь, саат 20:00.
Концерттин аталышы - "Жандуу үн SHOW КОНЦЕРТ".
Билеттин баасы - 500 сом.
Концертти колдоп келгендер - Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу Марс, ырчылар Нурлан Насип, Омар жана Шерзат Иминакун.
Концерттин алып баруучулары - Манас Алыкулов жана Рина.
"Береке" бий ансамблинин бийчилери концерттин бет ачарын ачты. Кол чабуулардын коштоосунда сахнага чыккан Чыңгыз Турдубеков жандуу үн менен Таалай Бектургановдун "Сагыныч" чыгармасын жандуу аткарды.
Бир нече чыгармаларды аткарган Чыңгыз мырза Марс менен "Издейм" дуэтин аткарышты. Чыгармачылык кечеси менен куттуктаган Марс мырза "Аидасын" аткарып, залдын жарымын бийлетти.
Эстрада жылдызы Омар "Сагынам" ырын андан кийин "Мага жар керек" деген чыгарманы жандуу үн менен аткарды.
"Универсал" жана "Ошингтон" командасынын жигиттери концертте алып баруучулук кызматты аркалашты. Жигиттер Манас Алыкуловду "алыстан бочка көрүнөт экенсиң" деп тамашага салды.
Концертти колдоп келгендердин бири белгилүү төкмө акын Асылбек Маратов. Ак таңдай акын Чыңгыз Турдубековдун досу экенин, аны бүгүнкү кечеси менен куттуктады. Асылбек мырза ырчы жакында бойдокчулук менен коштошот окшойт деди.
Бир нече чыгармалар жаңыргандан кийин оюнга кезек берилди. Анда ата мекендик текстиль компаниясынын футболка жана байпактары ойнотулду. Чыңгыз деп катуу кыйкырган көрүүчүгө белектер берилди.
Кезек конокторго жетти, сахнага белгилүү ырчы Нурлан Насип чыкты. Ырчы мырза бир чыгарма аткаргандан кийин сахнага бейтааныш жигит чыгып кат сунду. Бир топко ойлонуп туруп калган Нурлан мырза көрүүчүлөргө карап "бул жагы мага дагы кызык, 21- кылым" деп катты чөнтөгүнө салып койду.
Чыңгыз Турдубековдун атасы Турдубек Үркүнбаев уулунун тушоо кесүү концерти өтүп жатканына кубанганын, келечекте мыкты композитор болсо деген тилегин айтты. Ошондой эле чыгармачылык өнөр жети атасынан бери келе жатканын белгиледи. Ал эми ырчынын апасы Салкын Казакбаева көкүрөк күчүгүнүн ийгилигине кубанып, колдоп келгендерге ыраазычылыгын билдирди.