Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Насирбек Алмаматовго издөө салынды

Транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго издөө салынды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алмаматов Жогорку Соттун чыгарган чечимине ылайык, камакка алынышы керек болгон. Учурда ага издөө жарыяланып, анын жайгашкан жерин аныктоо жана кармоо боюнча издөө иш-чараларын Октябрь РИИБи жүргүзүүдө.

Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан унааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык иштерди түзгөн деп айыпталган.

Октябрь райондук соту Алмаматовду 12 жарым жылга эркинен ажыратып, андан кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен Алмаматовду бошоткон. Андан кийин Октябрь райондук соту Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечиминин үстүнөн арыз жазган.

Жогорку сот 30-октябрда бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Erik2018
2019-11-04 17:52:03
Баардык коррупционерлерди камака камап кайра озуну бакпай опол тоодой айыпка жыгып экинчи мамлекеттик кызматка келбей турган кылып кочүгүнө тээп чыгыш кер
0
altyn-kumush
2019-11-04 17:52:10
Насирбек Алмаматов айдоочулук күбөлүктү берүүдө ар кандай мектептер ачылса деле көңүл бурбай аларды контролдон чыгарган. Өзү ири коррупциялык иштерге аралашып кармалган. Соттун өкүмү боюнча аны камоо зарыл.
-1
altyn-kumush
2019-11-04 17:52:32
Алмаматовдун кылмышына жараша жазасын алууга тийиш. Аны кайда качып жүргөн болсо да таап түрмөгө отургузуу керек.
-1
Bektur2011
2019-11-04 17:55:01
Кантип 3 миллион300 мин сомду тологон болсо кайра иш козголду андай болсо соттор ойлонуп чечим чыгарбайт беле
-2
chake
2019-11-04 17:57:39
Буту менен качса чачы менен суйролуп келет. УКМК кылдат иликтеп кайсы өлкөдө болсо да кармап келсин. Жоопко тартылсын башкаларга да үлгү болот.
-1
timoha81
2019-11-04 19:16:16
Сотту кошо камаш керек,кошуна кылып камерадан суйлошуп отурганга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан