ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча мурдагы жетекчиси 5 жылга эркинен ажыратылды
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айландырууга
каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча мурдагы жетекчиси, полковник
Э.Кудайбердиев 5 жылга эркинен ажыратылды. УКМК билдиргендей, өкүмдү Ош шаардык соту чыгарды. Ал эми
аталган органда мурда штаттан сырткары иштеген кызматкер М.Махаматжанов 4 жылга кесилди. Бул
жарандар 2012-жылдын 11-ноябрында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, баңгизат
сатуу учурунда колго түшкөн Ош шаарынын тургунунан 15 миң доллар акча
өндүрмөкчү болушкан. Бул факты боюнча аларга бир нече берене менен кылмыш иши козголгон.