Бүгүн, 4-ноябрда ырчы Кудайберди Айтбосуновдун үйлөнүү тою борбордогу ресторандардын биринде өтүп жатат. Эки жашты Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова "Жар-жар" айтып, залга алып кирди. Кудайберди "өмүр бою апама окшош кыз издеп келгем. Айчүрөк апама окшош жөнөкөй, өз ишин мыкты билген кыз. Күндө даамдуу тамак жасап мени кубантып жатат. Кичинекей кезимен карындаштуу болгум келип апама, кыз багып алалы дей берчүмүн. Кудай буюруп, үйүбүзгө кыз болуп Айчүрөк келди", - деп кубанычы менен бөлүштү.
Кудайберди менен Айчүрөккө актёр Эмил Эсеналиев жубайы Айгерим Козукеева өкүл ата, өкүл эне болуп шайланышты.