Ленинград облусунда жол кырсыгы катталып, Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-ноябрга караган түнү саат 02:16 чамасында Парголово-Огоньки унаа жолунда орун алган. Анда Suzuki Grand Vitara жана Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, Suzuki Grand Vitara каршы тилкеге чыгып кеткен.
"Жол кырсыгында Skoda Octavia унаасынын айдоочусу, 1994-жылы туулган Х.Н.Н. аттуу Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну каза болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн "Жүк-200" менен таңкы саат 05:55те Санкт-Петербург - Ош каттамы менен мекенине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.