Актёр, "тамашоучу" Бакыт Осмонканов жол эрежесин бузуп, 3 миң сом айыпка жыгылды. Анын айтымында, айла жоктон ушул кадамга барган. Окуя кечээ, 4-ноябрда Бишкектеги Чүй кең көчөсү менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
"Унаамды кинотеатрдын алдындагы жайга токтотком. Кинотеатрдан чыксам, менин унаамдын алдына башка унааны токтотуп кетишиптир. Унаанын ээсин 15 мүнөт күттүм, байланышайын десем номерин калтырбаптыр. Радио эфирге чакырылгам, кечигип калбайын деп такси тоссом токтогон жок. Жол тыгын болуп жатканда такси чакырсам качан келмек эле деп айла жок аялдамадан чыкканга туура келди.
Күнөөмдү толук моюнума алам. Жол эрежесин бузганым үчүн 3 миң сом айып пул төлөдүм. Жол эрежесин буздум, бирок радио эфирге 20 мүнөт кечиктим", - дейт ал.
"План Б", "Айыл Кэмп", "Ата" тасмаларына режиссёр болуп, "Бир тууганчик-1-2", "План Б" тасмаларында роль жараткан.
"Тамашоуга" чейин Евгений Акопяндын "Кыргызстан КВНи" Лигасында "Весёлый строитель" командасында ойногон. Кийин "Тамашоудан" "IUK" командасына кошулуп, андан чыккан соң "Моника Беллуччи" командасын түзгөн.