Болгариянын София шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар Замир Дунканаев менен Самат Шырдаков 5-орунду ээлешти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. 50 килограммдык салмакта З.Дунканаев жарым финалга чейин жетип, бирок ирандык спортчуга уттуруп жиберди. Ал эми коло медаль үчүн болгон беттеште венгриялык Бенс Юхацтан жеңилди. 74 килограммдык салмакта С.Шырдаков чейрек финалда украиналык А.Антонюктан жеңилип, коло медаль үчүн болгон таймашта беларустук Тимур Бердыевди утуп, бирок Азербайжандан келген Жейхан Алиевге жеңилип калды.