4-ноябрда ырчы, аткаруучу Чыңгыз Турдубековдун жеке концертинде Нурлан Насипке бейтааныш жигит сахнага чыгып, кат берген. Ырчы мырза катта эмне деп жазылганы өзүнө дагы кызык болуп жатканын айтып, катты чөнтөгүнө салып койгон. Сырдуу катта эмне жазылганын сураганыбызда Нурлан Насип буларды айтып берди.
"Катта бир эженин өтүнүчү жазылыптыр. Ал ыр жазат экен, ошол ырларга обон жазып, аткарып чыкпайсыңбы дептир. Мындай кат аркылуу келген сунуштар көп болот. Бирок баарынын эле суранычтарын аткара бербейбиз. Анткени ырчылар белгилүү бир акындар менен иштешебиз. Ал эми жогорудагыдай сунуштарга ырларды окуп чыгалы дейбиз. Эгер ырасында эле жакшы чыгарма болсо, өтүнүчтөр канааттандырылып калат", - дейт ал.