Ошто дүкөндүн ээси менен аны ижарага алып иштеткен жарандын ортосунда чыр чыгып, бирөө каза болду

Ош шаарында дүкөндүн сатуучусун бычактап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаардык ооруканасынын дарыгери 1984-жылы туулган М.Р. аттуу жаран миздүү буюмдан жараат алып ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө тобу бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, шектүү катары М.Х. аттуу жаранды кармашкан. Окуя 1-ноябрь күнү Курманжан Датка көчөсүндө болгон. Анда зоологиялык дүкөндү ижарага алып иштеткен жаран менен дүкөндүн ээсинин ортосунда уруш чыккан. Мындан улам дүкөндүн ээси М.Х. жанында алып жүргөн ашкана бычагы менен маркумду көкүрөк тушка сайган. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, ал 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdizhapar
2019-11-06 09:42:31
Акмак айбан экен да
+3
Jelezo
2019-11-06 19:28:05
Түрмөнү сагынган экенда же вор болом деп жүргөн неме окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан