Бишкек шаарында “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун мүчөсү, коңшу мамлекеттин жараны Ш.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Кыргыз мамлекетинин аймагында диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн. "Кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Ш.Т. жасалма паспорт колдонуп, Кыргыз мамлекетинин аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМК тергөө органдары тарабынан кармалган адамга карата сотко чейинки өндүрүш башталды", - деп жазылат маалыматта.
Кармалган адам Бишкек шаарынын №1-Тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.