Бишкекте 60 жаштагы Каныбек Ботокановду аёосуз сабап кеткендер кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда шектүү жарандарды кармоо иш-чарасы жүргүзүлүүдө.
30-октябрда Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы Каныбек Ботокановду белгисиз жарандар аёосуз сабаган видео тараган. Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен каттаган. Ботоканов Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат.