Акыркы кезде өзүн ырчы катары сынап жүргөн куудул Гүлжайна Атаканова 3 бөлмөлүү батирге ээ болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Буга чейин 1 жарым жыл чогулткан акчамды тааныш айым "1 бөлмөлүү арзан батир алып берем" деп алдап алып, жоголуп кеткен эле. Ошондо аябай ичим ачышкан. Андан кийин 2 бөлмөлүү батирди ипотекага алып, төлөп бүтүп калгам. Жакында мен иштеген компаниянын жетекчиси 3 бөлмөлүү батир берди. Анын акчасын шашпай, 5 жыл ичинде төлөсөм болот. Ошентип күтүлбөгөн жерден 2 батирлүү болуп отурам", - дейт кубанган Гүлжайна.