Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Түркиянын Измир шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште атаандашына утулуп калды. Дулдаевди индиялык Рамкуман Ранаматхан 6:3, 2:6, 3:6 эсебинде утту. Эскерте кетсек, Ранаматхан дүйнөлүк рейтингде 6-орунда турган теннисчи болуп саналат.