Кыргыз ырчысы Нуржигит Субанкулов орусиялык "Голос" телешоусунун 8-сезонуна катышып жатат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Телешоуго август айында тандоо болгон. Угушумча, кастингге 17 миңдей катышуучу келген. Арасынан тандалып 120сы долбоорго өткөн. Бир ай мурда тартуу иштери бүткөн. Азыр эфирде устаттардын шакирт тандоосунун 4-этабы жүрүп жатат. Мен катышкан эфир 8-ноябрь күнү көрсөтүлөт. Элимдин колдоосу менен 2-турга өтөрүмө ишенем", - дейт Нуржигит.
Белгилей кетсек, аталган долбоорго буга чейин Кыргыз өлкөсүнөн Кайрат Примбердиев катышып, 3-орунду багындырган.