6-ноябрь күнү борбордогу кинотеатрлардын биринде "Биртууганчик", "Апамды издеп"", "Такебай" тасмаларынын жаратуучулары Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулунун калемине таандык "MBPRO" студиясынын кезектеги комедиялык жанрдагы "Напарниктер 2" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү.
Тасманын режиссёру Бакыт Осмонканов тасманы 8 ай убакыт ичинде жаралганын айтып, фильм тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Баш аягы идея башталгандан баштап азыркы күнгө чейин 8 ай убакыт сарпталды. 2 ай сценарий жаздык, 1 жарым ай даярдык көрдүк. Андан кийин монтаж кылып, азыр элге тартуулап жатабыз", - деди ал.
Ал эми тасманын сценарийин жазган жана башкы каармандардын биринин ролун жараткан Жеңиш Майрамбек уулу фильмде аябай көп киши эмгектенгенин билдирип тасманын бюджети сыр бойдон калуусун айтты.
"Негизинен тасманын үстүнөн аябай эле көп киши иштеди. Тартуучу топто 25тей адам, 10дон ашуун каскадёр. Бюджети сыр бойдон калсын. Аябай эле көп каражат сарпталды", - дейт Жеңиш Майрамбек уулу.
Тасманын аталышы: "Напарниктер 2 "
Бет ачары: 6-ноябрь
Режиссёру: Бакыт Осмонканов
Сценарийин жазгандар: Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу, Адилет Осмоналиев
Оператору: Жуманазар Койчубеков
Ролдордо: Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу, актриса Назбийке Айдарова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев, Аскат Сулайманов, Адил Урдинов жана башкалар.
Тасманын сюжети тууралуу айтсак, айылдан шаардык милиция бөлүмүнө которулуп келген Белек. Анын байкеси Бакыт менен уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшкөн кызыктуу, күлкүлүү окуялары көрсөтүлөт. Тасманын жүрүшүндө Белек сүйүктүүсүнө жолугат.
"Напарниктер 2" тасмасы 7-ноябрдан тарта өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.