Айтылуу Хүррем султан Садык Шер-Нияз уюштурган кинофестивалда калыстарды жетектөөдө

6-14-ноябрь күндөрү АКШнын Лос-Анжелес шаарында режиссёр Садык Шер-Нияз негиздеген V Дүйнөлүк Азия кинофестивалы өтмөкчү. Бул тууралуу режиссёр Айбек Дайырбеков SUPER.KG порталына билдирди.

"6-ноябрь күнү фестивалдын ачылышы болду. Ага "Даңазалуу доор" сериалында Хүрремдин ролун жараткан атактуу актриса Мерьем Узерли калыстар тобуна жетекчилик кылууда. Фестивалдын алкагында, Кыргыз өлкөсүнүн атынан Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы "Азиядагы мыкты толук метраждуу тасма" наамына, Сүйүм Сулайманованын "Друг мой - враг мой" ("Досум менин - душманым - менин") тасмасы "Азиядагы мыкты кыска метраждуу тасма" наамына ат салышууда. Ошондой эле сынактан тышкаркы программада Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" жана мен режиссёрлук кылган "Дарак ыры" тасмалары көрсөтүлөт", - дейт Айбек мырза.

Белгилей кетсек, фестивалдын ачылышына Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Эмил Токтошев жана башкалар келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
souza.j
2019-11-08 12:01:18
Уйдогу хюрремдер да детектеп жатышат тан азандан
-1
Altyn2017
2019-11-08 12:26:39
мьерем узерлинин койногү кантет ай мамактары чыгып кетейин деп аран эле туратко.
-1
Altyn2017
2019-11-08 12:27:20
Каныбек байке бюджеттин акчасынан ошол жака да жете барыптыргоо.
0
Kairat1996
2019-11-08 12:39:55
Адамдарды искуствого көбүрөөк аралаштыруу керек. Искуство адамдардын осуп онугушуно чон салым кошот, дуйно таанымын кеңейтет.
0
GARENA
2019-11-08 12:52:08
Японский актерго акыркы фотодожакшы актер
-1
Nazar76
2019-11-08 13:03:00
Биздин депутаттар кайсыл жерге тойго чакырса жыртайып биринчи жетип барышат
0
Jasi.jasi
2019-11-08 14:04:10
Садык Шернияз деген кыйын экен ай.Бир карасан Анжелина менен,бир карасан Хюрем менен жургон болот:))
+7
erjigit-e.15
2019-11-08 20:55:18
Азаматсыз Садык ага.
0
Skarlett-Skarlett
2019-11-09 09:21:13
Таланттуу,дуйно таанымы кенен,идеяга бай адамдар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан