Куудул жана телеалпаруучу Гүлжайна Атаканова 10 жылдан бери сахнада жүргөнүн утурлап жеке концертин өткөрдү. Чыгармачылык кече 8-ноябрда Спорт ордосунун залында өттү. Концерт куудулдун тамашалары, ырчылардын шаңдуу музыкалары менен коштолду.
Гүлжайна Атаканованын концертин "Беш тапан" тобунун куудулдары ачып беришти.
Алар Гүлжайна Атаканова Спорт ордосунда концерт койгонуна, анысы аздай аншлаг менен өтүп жатканына таң калышса, бирде көрө албастык кылышты. Куудулдар Гүлжайна Атаканова Анжеликадай болуп өзүн пиарлап жатат дешти.
Ал эми сахнага чакырылган Гүлжайна айым бийиктиктен түшүп, "жадыра, жайна Гүлжайна..." деп чыгарма аткарды. Андан кийин келген коноктордун бири Дайыр Исмадияров "Аста, аста" ырын жаңыртты.
Концерттин кезектеги коноктору Бактарбек Абдыразаков, ырчы Ильяс Кудретов жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков болушту. Ал эми Гүлжайна Атаканова "Беш тапандын" мырзалары менен үй жаныбарлары тууралуу тамаша тартуулашты.
Гүлжайна Атаканова ата-энесине арналган чыгармасын аткарып, кучак толо гүлүн көтөрүп залда отурган апасына тартуулады. Андан кийин ата-энесин сахнага алып чыгып, апасынын таманына тизе бүгүп жыгылды. Ырды аткарып бүткөнчө куудул көзүнүн жашын тыя албады. Сахнага чыккан куудулдун атасы кызы менен сыймыктанарын, ар дайым колдой турганын айтып өзүнүн чаап жүргөн күлүк аттын камчысын кызына тапшырды.
Гүлжайна Атаканованын атасы кызын чыгармачылыкка аралаштырып, тарбиялап куудул кылган Рахман Разыковду сахнага чакырды. Рахман Разыков шакирти тууралуу айтып бергенден кийин, Гүлжайна айым атасы тартуулаган күлүк атты устатына белек кылды.
"Өзүм шаарда жашайм. Шаарда унаа менен жүрөбүз", - дейт Атаканова.
Концерттин аталышы - 10 жылдык чыгармачылык кече;
Концерттин коноктору - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков, эстрада ырчылары Нурмат Садыров, Дайыр Исмадияров, Ишен Назаров, Ильяс Кудретов, жаш ырчы Рамис Эрнисович жана башкалар.