Куудул, телеалпаруучу Гүлжайна Атаканова ата-энеси менен кыштын кыраан чилдесинде Таиландга барып эс алып келүүгө жолдомо алды. Мындан тышкары, куудул айымга смартфон, ыраазычылык кат, бир жылкынын акчасы тартууланды. Мындай белектер куудулдун 10 жылдык чыгармачылык кечесинде ыйгарылды.
Кеченин жүрүшүндө өлкөбүздөгү тармактык бизнестин жетекчиси Бакыт Алиев Гүлжайна Атаканова менен "Сүйүү жашка карабайт" дуэтин аткарышты. Чогуу чыгарма аткаргандан кийин Бакыт Алиев Гүлжайна айымга белек жасады.
"Өзүм эл алдына чыгып сүйлөп, окууларды өтүп жүрөм. Бирок ырдаганда аябай сүрдөдүм. Бүгүнкү кеченин ээси Гүлжайна Атаканова сыртынан темир айымдай көрүнгөнү менен аябай назик, ыйлаак. Гүлжайна Атаканова менен ата-энесине ысык өлкөдө эс алып келүүгө жолдомо тартуулайбыз", - деп белегин тапшырды.
Андан кийин Аксынын администрациясынан келген өкүл Гүлжайна айымга ыраазычылык кат жана бир күлүк аттын акчасын тапшырды.
Куудулдун концертине келген күйөрмандарынын бири сахнадан ага смартфон тартуулады. Белектерге, кучак толо гүлдөргө байыган Гүлжайна айымдын концертинин соңунда Гүлнара Тойгонбаева баштаган Аксынын таланттары чыгарма аткарышты.
Чыгармачылык кечеге ырчы Данияр Эрматов сүйүктүүсү менен, мындан тышкары Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров келишти.