Баткен районундагы Самаркандек айылында шахта басып калган 3 адамдын аты-жөнү такталды. Алар: 1977-жылы туулган Самаркандек айылынын тургуну Саттар Абдрахманов, 1991-жылы туулган Самаркандек айылынын тургуну Тажибай Абдрахманов жана 1977-жылы туулган Баткен шаарынын тургуну Бакыт Айдаров. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат, ага 30дай жергиликтүү тургун, ӨКМнын 27 куткаруучусу катышууда.