Ырчы Жоннинин бир тууган агасы Нарынбек Маанаевдин 4 жарым жаштагы уулу Нуриман Түркиядан операция жасатып келген. Нуримандын учурдагы абалы тууралуу билүү үчүн Жонниге байланыштык. Ырчынын айтымында, Нуриман белиндеги грыжасын алдырган.
"Иниме операция болот дегенде аябай коркконбуз. Анткени мындай оор операциядан кийин баланын мээсине доо кетип, майып болуп калышы мүмкүн болчу. Операция ийгиликтүү болуп, Нуриман 3 күндөн кийин жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган. Учурда үйдө дарыланып жатат, абалы жакшы. Чуркап кете элек, бирок жөрмөлөп, аракет кылып ойноп жүрөт, оорусун деле унутуп койду. Эми эки бутуна операция жасалат. Ал эми 9 жашка чыкканда Түркиядан дагы операция жасалат", - дейт ал.
SUPER TV буга чейин Нуриман операцияга муктаж экенин, анын омуртка, жамбаш жана бут сөөктөрү жабыркагандыктан, баса албай тургандыгы тууралуу материал даярдаган.
Ушул жылдын август айында Нуриман ата-энеси менен Түркияга операция жасатуу үчүн кеткен.