Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казань шаарында өтүп жаткан "Kazan Summer Cup" эл аралык мелдешинде чейрек финалга чыкты. Мелдешке 12 мамлекеттин атынан 50 спортчу катышып жатат. Жуптук беттештерде Палкина орусиялык теннисчи Юлия Калабина менен биргеликте ойноодо. Алгачкы мелдеште алар украиналык Вероника Капшай менен орусиялык Арина Родионованы 6:4, 0:6, 10:8 эсебинде утушту. Жарым финал үчүн болчу мелдеште Палкина менен Калабина чехиялык Мартина Борецка жана орусиялык Александра Артамонова менен беттешет. Жекеме-жеке оюндарда Палкина украиналык Анастасия Васильева менен күч сынашат.